Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 19-августу № 3
Кошумча түшкөн кирешени кароо жөнүндө
Оро айылдык кенешинин 11 - чакырылышынын кезектеги 13 - сессиясы Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын сунушу боюнча Оро айылдык аймагынын бюджетинде каралган лицензия кармоо боюнча төлөмүнө жана айыл четиндеги жайыттардын ижара акысынан түшкөн төлөмүнө ашыкча келип түшкөн киреше булактарын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Оро айылдык кенеши,
Токтом кылат:
2022 – жылдын ичинде бюджеттин эсебине лицензия кармоо үчүн төлөмдөн ашыкча түшкөн киреше 9543859,41 сом жана аыйл четиндеги жайыттардан түшүүчү аренда акысынан 89827 сом өлчөмүндө белгиленсин жана анын ичинен :
ЖКХ бөлүмүнө ;
3111 статьясына – 9543859,41 сом
Экономикалык маселелер боюнча бөлүмүнө;
2215- статьясына - 89827 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысына жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын токтомдун негизинде бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
Оро айылдык аймагынын башчысы Дж.Айтпаев, бөлүнгөн акча каражатын өз багытында натыйжалуу пайдалануу жагын көзөмөлдүккө алсын.
Төрага Б.Мотуев