Загрузка документа…
АК-ЧИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-чий айылдык кеңешинин X сессиясы
2022-жылдын 10-майы № X/4
Ак-Чий айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ,үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар тууралуу» №54 Жарлыгынын негизинде Ак-Чий айыл аймагындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча Жобо бекитилсин (тиркеме тиркелет)
2.Бул Жобонун негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Чиркеевге тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Ак-Чий айылдык кеңешинин төрагасы У. Жалилов
Ак-Чий айылдык кеңешинин
10-май 2022-жылдын
Х-сессиясынын №Х/4 токтомуна
тиркеме
Ак- Чий айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндөгү эске алуу ырым- жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө типтуу Жобонун долбоору:
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун ( бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3. Үй- бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4. Өлгөндү эске алуу ырым- жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
5. Үй- бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым- жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү кызмат адамдары
6. Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1.Жалпы жоболор
1.1.Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 24- февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп- адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар тууралуу №54 жарлыгына ылайык жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштетилип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт
1.2.Жобонун максаты айылдарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым- жырымдарын ирээтке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке , өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт- санаасын, үрп- адаттарын тоготпоого жол бербөө, ата- салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт- санаасын жана ырым- жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелинет
2. Жобону иштеп чыгуунун , кабыл алуунун( бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1 Үй- бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым- жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобону ( мындан ары – Жобо) иштеп чыгуу үчүн Ак- Чий айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүү кенештин депутаттарынан, аксакалдар сотунун, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюму, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнүн турган жумушчу топ түзүлөт.
2.2 Ушул типтүү Жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан Жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, Ак-Чий айыл өкмөтүнүн сайттарына жарыяланат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып Жобонун долбооруна киргизилет, иштелтп чыккан Жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет,
2.3 Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин жергиликтүү сайттарына жарыяланат, юстиция органында мамлекеттик каттодон өткөрүлөт
2.4 Жобо ага кызыкан жарандарга айыл өкмөтү тарабынан, жергиликтүү кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик той, тушоо кесүү, балдарды сүнөткө отургузуу, куда тосуу, нике ( үйлөнүү той) маараке- салтанаттары ж.б. кирет
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар айылдарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөнүн экономикалык шарттарына жараша ашыкча чыгымдарга жол берилбестен жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча ,киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
4. өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
4.1.өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу,үчүлүк ,жетилик,кыркылык) эки жандыкка чейин гана мал союу же таптакыр сойбой коюу шарты менен өткөрүлөт.
4.2.өлгөндү эске алуу ырым-жырымдары мал союуну эсепке албаганда айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча өткөрүлөт.
5. Үй-Бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү,көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү ,көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына президенттин облустагы өкүлү ,райондун акими,айыл өкмөтүнүн башчысы ,облустук комиссия жана райондук комиссия жана жергиликтүү комиссия кирет.
Баардык комиссиялар өздөрүнүн ишин документтештирет.
5.1.Жергиликтүү комиссия
5.1.1.Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүндө аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунда түзөлөт.Анын курамына айыл өкмөтүнүн кызматкерлери,жергиликтүү кеңештин депутаттары ,маданият мекемесинин ,ардагерлердин,аялдардын жана жаштардын уюмдарынын ,аксакалдар сотунун ,диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын ,милициянын ,жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү кирет.Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысыныны буйругу менен бекитилет.
5.1.2.Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү өлгөндү эске алуу ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт,өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат,жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзүлөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссияда маселе карайт,талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.Жергиликтүү комиссиялардын чечимдерине,даттанууларды карайт, чечим кабыл алууну татаалданткан жагдайлар келип чыккан учурларда чара көрүү үчүн райондук комиссияга сунуш киргизет.
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.
Ак-Чий айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексинде ,жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай,айылдык жыйындар,жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган ) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат
Ак-Чий айылдык кеңешинин төрагасы У. Жалилов