Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Өрүктү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз II-сессиясы
2018-жылдын 3-майы № 1
«Жер аянтын «айыл чарба багытындагы жерлери» категориясынан «калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө»
Чон-Өрүктү айылынын тургундарынын 25-апрель 2018-жылдагы жалпы жыйналышынын токтомунун негизинде, айылдын жаштарын миграциядан сактап калуу максатында жана турак-жай салуу үчүн жазылган арыздар көп болгондуктан, «жер реформасына» чейин 11,4 га чөп чабынды ижарага алынып, учурда «Дулдул СС» дыйкан чарбасынын ижара мөөнөтү бүткөндүктөн, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 4-беренесине ылайык, мамлекеттин менчиги болгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин негизинде эл депутаттарынын Өрүктү айылдык Кенешинин XXVII кезексиз чакырылган II-сессиясы токтом кылат:
1. Чон-Өрүктү айылынын түштүк-батыш тарабындагы № 451 контурунда жайгашкан 11,4 га чөп чабынды жер тилкеси айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик Фондунун эсебине киргизилсин.
2. Чон-Өрүктү айылынын түштүк-батыш тарабындагы №451 контурунда жайгашкан 10,1 га чөп чабынды жер тилкеси (электр чубалгыларынын корук зонасын эске алуусу менен) турак-жай салуу учун «айыл чарба багытындагы жерлери» категориясынан «калктуу конуштардын жерлери» категориясына которууга макулдук берилсин.
3. Трансформацияга материалдарды даярдоо менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна коюуу жагы Өрүктү айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өрүктү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Эсеновго, адиси К.Сулаймановго милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Мамбетов |