Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 15-отуруму
2022-жылдын 06-октябры № 15/4
Жошолу дарыясынан“Алай–Жаннат”окуу борборунун окуу борбордун окуучуларына атайын көпүрө куруу боюнча мектеп директору Г.Базарбаеванын арызы жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 15-отуруму, Гүлчө айылдык кеңенштин катчысы Ч.Убукееванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндөгү Мыйзамынын 34-беренесинин 5 - пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу дарыясынан «Алай-Жаннат» окуу борборунун окуучулары үчүн чакан көпүрө курууга уруксат берилсин.
2. Жогоруда айтылган көпүрөгө кеткен акча-каражатынын чыгымын «Алай-Жаннат» окуу борборунун эсебинен жумшалсын.
3. «Алай-Жаннат окуу борборунун жалпы окуучуларынын коопсуздугун камсыздоо жагы окуу борбордун директору Базарбаева Гүлжанга жана окуу борбордун администрациясына милдеттендирилсин.
4. Тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жана тиешелүү мекеме-ишканаларга жөнөтүү жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Кахаровго жүктөлсүн.
5. Юридикалык документин мыйзам чегинде даярдап берүү жагы Алай Архитектура жана шаар куруу башкармалыгына ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына жана Алай райондук суу башкармалыгынан суралсын.
6.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Исаев Сүйөрбекке милдеттендирилсин.
Төрага К.Исмаилов.