Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 15-отуруму
2022-жылдын 06-октябры № 15/17
2017- жылдын 12-июлда чыккан 6- чакырылыштын депутаттарынын 9 –отурумунун №9/10 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 15-отуруму, Гүлчө айылдык кенештин төрагасы К.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндөгү Мыйзамынын 39-беренесинин 1- 2 - пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Гүлчө айылдык кеңештин 6-чакырылыштын депутаттарынын 9 -отурумунун Топбаз участкасында ат майданы үчүн чыккан №9/10 токтому жокко чыгарылсын.
2. Мыйзамда белгиленген тартипте ченемдик укуктук акты жараксыз деп табылсын.(“КРнын ченемдик укуктук актылары жөнүндө “мыйзамынын 10-берене, 1-бөлүм,5-абзац).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү төрага К.Исмаиловго калтырылсын.
Төрага К.Исмаилов.