Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 15-отуруму
2022-жылдын 06-октябры № 15/9
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо айылынын Ош-Эркеш-Там автомобиль жолуна түнкү жарыктарды орнотуп берүү жөнундө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7 - чакырылышынын кезектеги 15-отуруму, Гүлчө айылдык кеңештин депутаты Арыкбаев Кудайбердинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндөгү Мыйзамынын 39-беренесинин 2 - пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо айылынын Ош-Эркеш-Там автомобиль жолунун бойлоруна түнкү жарыктарды орнотуп берүү үчүн Алай райондук өнүктүрүү фондусунан акча каражаты суралсын.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын тактап берүү жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Кахаровго тапшырылсын.
3. Таш-Короо айылынын Ош-Эркеш-Там автомобиль жолуна түнкү жарыктарды орнотуу берүү үчүн иш-кагаздарына кеткен акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБ башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Исмаилов.