Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 15-отуруму
2022-жылдын 06-октябры № 15/10
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С. Исаевдин “Жол Мед Кен” ЖЧКнын директору К. Жолоновго геологиялык чалгындоо иштерине берилген макулдук катын жокко чыгаруу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 15-отуруму, Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты Арыкбаев Кудайбердинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу» органдарынын Мыйзамынын 39-беренесинин 1-2 - пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Жол Мед Кен” ЖЧКнын директору К.Жолоновго геологиялык чалгындоо иштерине Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаев тарабынан 2022-жылдын, 07-июль күнү №2120 сандуу берилген макулдук каты жокко чыгарылсын.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук ,укук тартибин чыңдоо жана Кеңештин иштери жөнүндөгү маселелер боюнча (Депутаттык этика жана алардын ишмердүүлүктөрү) боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Исмаилов.