Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 15-отуруму
2022-жылдын 06-октябры № 15/11
Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 15-отуруму, Гүлчө айылдык ФЭБнун башчысы М.Тажикованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндөгү Мыйзамынын 34-беренесинин 2- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекстин 115-статьясына ылайык, Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2022-жыл үчүн бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү төмөндөгү беренелеринен зарыл болгон беренелерине өндүрүштүн зарылчылыгына жараша жылдырылып берилсин. Чыгаша бөлүгүнө:
бөлүм | Мекеменин аталышы | статья | Өзгөрүлгөн сумма | К в а р т а л | ||||
көбөйтүлдү | кыскарганы | 1 | 2 | 3 | 4 | |||
706 29 | ЖКХ | 3112 |
| -1000,0 |
|
|
| -1000,0 |
708 11 | парк | 3111 |
| -4500,0 |
|
|
| -4500,0 |
704 11 | Эк вопрос | 3111 | +4300,0 |
|
|
|
| +4300,0 |
709 21 | Орто мектеп | 3111 | +1200,0 |
|
|
|
| +1200,0 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Баары | +5500,0 | -5500,0 |
|
|
| 0,0 |
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2022-жыл үчүн бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн планына өзгөртүү киргизип берүү жагы КРнын Финансы Министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын жана каралган акча каражатынын максаттуу , мыйзам чегинде чыгымдалышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевге жана финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет ,экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Исмаилов.