Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 15-отуруму
2022-жылдын 06-октябры № 15/112
Гүлчө айыл аймагында жайгашкан мурдагы автобазага караштуу жер тилкесинен административдик имарат куруу үчүн Алай токой чарбачылыгынын директору К.Мамыровдун арызы жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 15-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Гүлчө айылдык кеңештин агрардык жана жер реформасы жөнүндө маселер , муниципалдык менчик, коммуникация , жол боюнча туруктуу комиссиясы №1 протоколунун ошондой эле Алай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жумушчу чиймесин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндөгү Мыйзамынын 39-беренесинин 1-2- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Алай райондук токой чарбасына административдик имарат куруу үчүн аянты 750,0 (жети жарым сотых) чарчы метр болгон жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер тилкесинин багыты өзгөртүлбөсүн жана максаттуу пайдалансын.
3. Бул токтомдун аткарылышына тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап берүү жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси Р,Кахаровго милдеттендирилсин.
4. Юридикалык документтерди даярдап берүү жагы райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына , КАДАСТР мамлекеттик мекемесинин Алай райондук филиалдарынан суралсын.
5. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун мыйзам чегинде көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы жөнүндө маселер ,муниципалдык менчикти башкаруу , коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага К.Исмаилов.