Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 15-отуруму
2022-жылдын 06-октябры № 15/13
Гүлчө айыл аймагындагы арканын жанынан Гүлчө дарыясынын боюндагы бош жаткан жер тилкесинен жеңил типтеги курулмаларды убактылуу иштетип ижарага берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 15-отуруму, айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин агрардык жана жер реформасы жөнүндө маселер муниципалдык менчик, коммуникация , жол боюнча туруктуу комиссиясынын №2 протоколунун ошондой эле Алай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жумушчу чиймесин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндөгү Мыйзамынын 34-беренесинин 5- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл аймагындагы Гүлчө дарыясынын боюндагы арканын жанындагы бош жаткан жер тилкесинен туризм тармагын өнүктүрүү максатында, жеңил типтеги курулмаларды куруп, кафе, ажаткана куруу үчүн убактылуу 500,0(беш сотых) чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2.Бөлүнүп берилген жер тилкесинин багыты өзгөртүлбөсүн жана максаттуу пайдалансын.
3.Бул токтомдун аткарылышына тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап берүү жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Кахаровго милдеттендирилсин.
4. Юридикалык документтерди даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынан , КАДАСТР мамлекеттик мекемесинин Алай райондук филиалдарынан суралсын.
5.Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевге милдеттендирилсин.
6.Бул токтомдун мыйзам чегинде көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы жөнүндө маселер , муниципалдык менчикти башкаруу , коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага К.Исмаилов.