Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 15-отуруму
2022-жылдын 06-октябры № 15/14
Гүлчө айылындагы Гүлчө дарыясынын аркы өйүзүндөү Топбаза участкасынан ат майданы үчүн бөлүнүп берилген жер тилкесинен муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтү Гүлчө айылдык кеңешинин 12-июль 2017-жылдагы №9/10-токтомун жана Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 12-май 2022-жылдагы №1 – протоколун ошондой эле эле Алай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жумушчу чиймесин карап чыгып, , Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндөгү Мыйзамынын 34-беренесинин 5 - пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө дарыясынын аркы өйузундөгү топбаза участкасынан ат майданын куруу үчүн аянты 1,4 гектар болгон жер тилкесинен муниципалдык ат майданы үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер тилкесинин багыты өзгөртүлбөсүн жана максаттуу пайдалансын.
3 .Бул токтомдун аткарылышына тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап берүү жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Кахаровго милдеттендирилсин.
4. Юридикалык документтерди даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынан , КАДАСТР мамлекеттик мекемесинин Алай райондук филиалдарынан суралсын.
5. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун мыйзам чегинде көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы жөнүндө маселер , муниципалдык менчикти башкаруу , коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Исмаилов.