Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 15-отуруму
2022-жылдын 06-октябры № 15/115
Гүлчө айылынын тургуну Пазылова Таттыгүлдүн Нарматов көчөсүндө жайгашкан №6-көп кабаттуу үйдүн жеке менчик квартирасына тиешелүү сарайынын документтерин мыйзамдаштырып берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 15-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Кахаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын» Мыйзамынын 39 --беренесинин 1-2- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын тургуну Пазылова Таттыгүлдүн Нарматов көчөсүндө жайгашкан №6-көп кабаттуу үйдүн №16 -жеке менчик квартирасына тиешелүү сарайынын документтерин мыйзамдаштырып берүү жагы каралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышына тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап берүү жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Кахаровго милдеттендирилсин.
3. Юридикалык документтерди даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынан , КАДАСТР мамлекеттик мекемесинен суралсын.
4 .Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун мыйзам чегинде көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы жөнүндө маселер , муниципалдык менчикти башкаруу , коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Исмаилов.