Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 15-отуруму
2022-жылдын 06-октябры № 15/16
Гүлчө айылынын тургуну Маматысаев Акжигиттин Гүлчө айылынын Нарматов көчөсүндө жайгашкан №3-көп кабаттуу үйдүн №3,4,7,8-жеке менчик квартираларына тиешелүү сарайлары квартираларынын документтерине кирбей калгандыгына байланыштуу мыйзамдаштырып берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 14-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Кахаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын» Мыйзамынын 39 -беренесинин 1-2 - пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын тургуну Маматысаев Акжигиттин Гүлчө айылынын Нарматов көчөсүндө жайгашкан №3-көп кабаттуу үйдүн №3,4,7,8-жеке менчик квартираларына тиешелүү сарайлары квартираларынын документтерине кирбей калгандыгына байланыштуу мыйзамдаштырып берүү жагы каралсын.
2.Бул токтомдун аткарылышына тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап берүү жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Кахаровго милдеттендирилсин.
3.Юридикалык документтерди даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынан , КАДАСТР мамлекеттик мекемесинен суралсын.
4.Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун мыйзам чегинде көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы жөнүндө маселер , муниципалдык менчикти башкаруу , коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Исмаилов.