Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги VIII сессиясынын жыйналышынын
2022-жылдын 14-сентябры № 8/5
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 404-беренесинин талаптарына ылайык айыл аймагындагы калктуу конуштардан катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгуу жыйымын жыйноону ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү” Кодексинин 24-главасынын 74-беренесин жетекчиликке алып Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерин көбөйтүү жана салыктын эмес кирешелерди жөнгө салуу максатында Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы калктуу конуштардан катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгуу жыйымы боюнча кабыл алынган токтомдору 2023-жылдын 1-январынан күчүн жоготсун.
2. Ылай-Талаа айыл аймагында калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффициенти (Кз) 1,5 өлчөмүндө белгиленсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин мамлекеттик реестрине катталсын.
4. Токтом 2023-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Айтбаевге жана Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Жунусовго милдеттендирилсин.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Кадамбаева |