Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги VIII сессиясынын жыйынынын
2022-жылдын 14-сентябры № 8/4
Ылай-Талаа айыл аймагындагы Сары-Таш айылынын тургундарын жана Т.Назаров атындагы толук эмес орто мектебин ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн долбоордун өздүк салымын айыл өкмөтүнүн бюджетинен карап берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктуна, “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 2 - “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы Сары-Таш айылынын тургундарын жана Т.Назаров атындагы толук эмес орто мектебин ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2022-жылга каралган бюджетинин эсебинен 70 000 (жетимиш миң) сом акча каражатын өздүк салымдан төлөп берүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Мамасали кызына милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Н.Айтбаев) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы | А.Кадамбаева |