Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги VIII сессиясынын жыйналышынын
2022-жылдын 2-ноябры № 8/2
Айыл аймагына сырткы жана ички инвестицияларды тартууда айыл элинин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын тогуз айында жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 2-главасынын 26-беренесинин 4-пунктуна айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалын көтөрүүдө айыл аймагына сырткы жана ички инвестицияларды тартууда айыл элинин турмуш шартын жакшыртуу боюнча айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын тогуз айында жүргүзгөн иштери боюнча айыл өкмөтүнүн турак-жай, коммуналдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Б.Коңурбаевдин маалыматын, Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө айыл аймагына сырткы жана ички инвестицияларды тартууда айыл элинин турмуш шартын жакшыртуу боюнча айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын тогуз айында жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында айыл аймагына сырткы жана ички инвестиция, гранттарды тартуу, чет элдик донордук уюмдар, республикалык бюджеттен каралуучу долбоорлорду ишке ашыра турган каржы министрлиги жана райондук өнүктүрүү фонду менен тыгыз иштешүү боюнча мындан ары да тынымсыз аракеттерди көрө берүү, башталган, иштеп жаткан долбоорлорду аягына чыгуу менен бирге кетирилген кемчилдиктерди четтетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы | А.Кадамбаева |