Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2022-жылдын 9-декабры № 31
Самаркандек айыл өкмөтүнүн Паскы- Арык айылындагы мамлекеттик менчиктеги №320 контурундагы 0,07га сугат айдоо жер аянтын жана №320 контурундагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЖМФ) 0,08 га сугат айдоо, жалпы 0,15 га сугат айдоо жер аянттарын жерлердин “Айыл чарба багытындагы жерлер ” категориясынан жерлердин “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу М Касымовтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022 Аскер бөлүгүнүн Самаркандек чек ара заставасына блок пост куруу максатында Самаркандек айыл өкмөтүнүн Паскы- Арык айылындагы мамлекеттик менчиктеги №320 контурундагы 0,07 га сугат айдоо жер аянтын жана №320 контурундагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЖМФ) 0,08 га сугат айдоо, жалпы 0,15 га сугат айдоо жер аянттарын жерлердин “Айыл чарба багытындагы жерлер ” категориясынан жерлердин “Өнөр жайынын , транспорттун , байланыштын , энергетиканын , коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | М.Тулаев |