Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2022-жылдын 9-декабры № 34
Самаркандек айыл аймагында мал жандыктарын жана үй канаттууларын санактан өткөрүүгө акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн статист-экономист адиси А.Ражаповтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Улуттук Статистика бболусүнун Баткен райондук башкармалыгын 2022- жылдын 25- ноябрындагы №4 буйругунун негизинде Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл аймагынын мал жандыктарын жана үй канаттууларынын иш жүзүндөгү санын аныктоо жана эл санак жүргүзүүгө даярдыктарды көрүүгө, уюшкандыкта өткөрүүгө кеткен чыгымдарын төлөп берүү үчүн Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 38 000 (отуз сегиз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика – финансы бюджет, ишкердикти жана тышкы экономикалык байланыш, муниципиалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | М.Тулаев |