Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2022-жылдын 9-декабры № 35
Самаркандек айыл аймагындагы жергиликтүү калкка жергиликтүү шахталардагы көмүр баасынын тарифин бекитүү жөнундө
Самаркандек айыл аймагынын жергиликтүү тургундарынын арызынын негизинде Самаркандек айылдык Кенешинин депутаты К. Таабалдыеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл аймагынын жергиликтүү тургундарынын 2022- жылдын кыш (декабрь,январь, февраль) айларына бир кап көмур баасы 150 (бир жүз элүү) сом өлчөмүндөгү тариф бекитилсин.
2. Бекитилген тарифтик баада айыл аймагынын ар бир кожолук башына ай сайын беш каптан берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчысына жана өзүмө калтырамын.
Төрага | М.Тулаев |