Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2022-жылдын 9-декабры № 36
Самаркандек муниципиалдык базарынын ай сайын төлөнүүчү төлөмүнөн убактылуу бошотуу жөнүндө
Самаркандек муниципиалдык базарынын жетекчиси У.Темирбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXIVсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022- жылдын 14-16- сентябрь кундөрү тажик кыргыз чек арасындагы куралдуу кагылышууда Самаркандек айыл аймагынын калкы эвакуацияланып Баткен районуна өзгөчө кырдаал киргизилгенине байланыштуу Самаркандек муниципиалдык базары 2022-жылдын 14- сентябрынан 14- ноябрына чейинки эки ай өлчөмүндөгү төлөмүнөн бошотулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Самаркандек айылдык Кеңешинин экономика-финансы, ишкердикти жана тышкы экономикалык байланыш,муниципиалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Ражаповко тапшырылсын.
Төрага | М.Тулаев |