Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2022-жылдын 3-октябры № 30
Самаркандек айыл аймагынын Мадыген жергесинде “Түстүү тоолор” аймагына "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары" статусун берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022- жылдын 25-августундагы №18/38149 сандуу каттын негизинде Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Географиялык мурастарды бузулбаган абалда сактап калуу максатында Самаркандек айыл аймагынын Мадыген жергесинде жайгашкан “Түстүү тоолор” аймагында жайгашкан жаратылыш эстелигин түзүү Самаркандек айыл аймагынын 7782,4га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер ” категориясындагы таштуу жайыт жер аянтына "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары" статусу берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин агрардык (транспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай) маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Жер маселелери боюнча тиешелүү кагаздарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Самаркандек айыл Өкмөтүнө тапшырылсын
Төрага | М.Тулаев |