Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII-чакырылыштагы кезектеги XVII сессиясынын
2022-жылдын 23-ноябры № 128/17-8
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин тазалоочу штатын кыскартуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №452 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2022-жылдын 14-сентябрындагы №01-4/53 сандуу жазма буйругу жана Талас шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 25-октябрындагы №01-21/3172 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын №7 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
Т О К Т О М К ЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин тазалоочу штаты 2022-жылдын 1- декабрынан баштап кыскартылсын.
2. Талас шаарынын мэриясынын башкы бухгалтерине (С.Шатманова) кыскартылган тазалоочу кызматкерге Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык компенсацияларын төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына ( А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
Төрага А.Жусупбеков