Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII-чакырылыштагы кезектеги XVII сессиясы
2022-жылдын 23-ноябры № 127/17-8
“Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын шаарды көрктөндүрүү жана тазалыгын сактоо багытында жүргүзгөн иш аракеттери жана мекеменин чарбалык балансы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2022-жылдын иш планынын негизинде, “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын №6 протоколдук чечимин карап, талкуулап чыгып, Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин үнөмдөө жана туура пайдалануу максатында Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарын жашылдандыруу максатында жергиликтүү бюджеттен 2021-жылы бөлүнгөн акча каражатына сатылып алынып, 2022-жылы жаз алды менен отургузулган көчөттөргө мониторинг жүргүзүүдө роза көчөттөрү жалпы 7700 отургузулса, анын 2618 даанасы гана көктөп, 5082 даанасы куурап жок болгон. Красный клен жалпы 103 даана отургузулган болсо16 даанасы гана жакшы, 19 даанасынын сорту белгисиз, (красный клен эмес) 13 даанасынын өсүмү начар жана 55 даанасы куурап калган. Каштан 130 даана отургузулган болсо, 70 даанасы жакшы, 22 даанасы өтө начар акыбалда, 38 даанасы куурап калгандыгы аныкталды жана бул-токой чарба жүргүзүүдө жаш көчөттөрдүн өнүмдүүлүк нормасы биринчи жылга карата өнбөй калгандары 15 пайызды түзүү керек болсо, натыйжада жаш көчөттөрдүн 50 пайызга чейин куурап калгандыгы, ошондой эле атайын грунттарды сатып алып газондор менен көчөлөрдү абаттоо жумуштары боюнча “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасы тарабынан кетирилген олуттуу кемчиликтери үчүн ишкананын жалпы чарбалык уюштуруучулук ишмердүүлүгү “канаттандыраарлык эмес” деп табылсын.
2. “Талас жашыл чарба” ишканасынын азыркы жетекчиси (М.Айылчиев) жогоруда белгиленген кемчиликтерди четтетүү максатында тендерден утуп алган “Сыргажанова” фирмасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде, куурап калган көчөттөрдү кайра калыбына келтирүү боюнча жоопкерчиликтүү иш аракеттерди көрсүн жана шаарды көрктөндүрүү жана мекеменин чарбалык балансын тактоо багытында төмөндөгү олуттуу маселелердин алкагында иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
- “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасын өнүктүрүүнүн стратегиялык планын иштеп чыгуу;
- Талас шаарын толук кандуу жашылдандыруу жана мекеменин ишин алдыга жылдыруу үчүн “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасы шаардык архитектура кызматы менен биргеликте сугат суу системасынын шаар боюнча картасын иштеп чыгуу;
- Шаарды натыйжалуу жашылдандыруу үчүн көчөттөрдү отургузууга чейин жердин анализин аныктап алуу;
- Шаар боюнча жалпы тал-теректердин эсебин тактап, баланска алуу;
4. Аталган муниципалдык ишканасына (М.Айылчиев) жогоруда белгиленген иш чаралардын алкагында тиешелүү иш аракеттерди тездетүү жагы милдеттендирилсин.
5. Кабыл алынган токтомду Талас шаарыныны мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (К.Джаныбеков) тапшырылсын.
Төрага А.Жусупбеков