Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII-чакырылыштагы кезектеги XVII сессиясынын
2022-жылдын 23-ноябры № 126/17-8
Талас шаардык Көркөм сүрөт музейинин ишмердүүлүгү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн иш планынын негизинде, Талас шаардык Көркөм сүрөт музейинин маалыматынын жана Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын №5 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Талас шаардык Көркөм сүрөт музейинин (Ж.Рай) жалпы ишмердүүлүгү жана 2022-жылдын тогуз айында аткарган иш аракеттеринин жыйынтыгы “канаттандыраарлык” деп табылсын.
Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Тургунбеков) тапшырылсын.
Төрага А.Жусупбеков