Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII-чакырылыштагы кезектеги XVII сессиясынын
2022-жылдын 23-ноябры № 125/17-8
Талас шаарында калктын саламаттыгын санитардык эпидемиологиялык жактан тейлөө кызматынын иш аракеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн иш планынын негизинде, Талас райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 2022-жылдын 15-сентябрындагы маалыматынын жана Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын №5 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Талас райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун (Ч.Сагындыкова) жалпы ишмердүүлүгү жана 2022-жылдын тогуз айында аткарган иш аракеттеринин жыйынтыгы “канаттандыраарлык” деп табылсын.
Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Тургунбеков) тапшырылсын.
Төрага А.Жусупбеков