Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2022-жылдын 23-ноябры № 18
Муниципалдык менчиктеги жерлерди убактылуу пайдаланууга берүү, ижара акыларын бекитүү жөнүндө
КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Мүлккө муниципалдык менчик” жөнүндөгү мыйзамдарынын, КР Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү Жобонун”, КР Өкмөтүнүн 29.03.2019-жылдагы “Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө Жобонун” талаптарына ылайык, муниципалдык менчиктеги жерлерди убактылуу пайдаланууга берүү, ижара акысын бекитүү боюнча Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун 20.11.2022-жылдагы чыгыш № 01-17-665 сандуу сунушу Токтогул шаардык кенешинин шаардык “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралган.
Туруктуу комиссиянын корутундусу боюнча депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токтогул шаарынын аймагында муниципалдык менчиктеги жерлердин ижара акылары ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Муниципалдык менчиктеги жерлерди убактылуу пайдалануу боюнча түзүлгөн баардык келишимдер жаңы бекитилген ижара акыларына ылайыкталып кайрадан түзулсун (экинчи тарапка бир ай мурда билдирүү жөнөткөндөн кийин).
3. КР Өкмөтүнүн 29.03.2019-жылдагы “Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө Жобого” ылайык, 2023-жылдан баштап, муниципалдык менчикти ижарага берүүнү электрондук форматта жүргүзүү сунушталсын.
4. КР”Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндү мыйзамына ылайык, Токтогул шаар аймагындагы муниципалдык менчик объекттерине укук берүү, тескөө, башкаруу, менчиктештирүү тартибин аныктоочу жобо иштелип чыксын жана кеңештин кароосуна бекитүү үчүн сунушталсын.
5. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына (Б.Дүйшоналиев) жүктөлсүн.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
10. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 29.10.2018-жылдагы кезектеги VII сессиясынын № 20 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Төраганын орун басары | М. Курбанов |
Тиркеме
Токтогул шаардык кенешинин
XXIX чакырылышынын
кезексиз VII сессиясынын
23.11.2022-жылдагы № 18
токтому менен бекитилди
Токтогул шаарынын аймагындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди убактылуу пайдалануу үчүн ижара акылары | |||
№ | Жерлердин максатка ылайык пайдаланылышы
| Муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүүнүн тарифтик баасы, сом/м2 бир айга | |
Аянты | сумма (сом) | ||
11 | Дүкөндөр, киоскалар, ларектер жана башка соода-сатык түйүндөрү, банктар, ломбард, акча алмаштыруучу жайлар, кичи базарлар, базарлар, соода комплекстери, жалпы аянты 20 м2 чейинки жерлер, ошондой эле аянты 200 м2 чейинки жерлер, 200м2 жогорку жерлер Тамак-аш ичүүчү жайлар, ошондой эле башка кызмат көрсөтүүчү жайлар | 20м2 чейин | 200 |
200 м2 чейин | 150 | ||
200 м2 жогору |
80 | ||
22 | Мейманканалар, оюн зоок жайлары | 1000 м2 чейин | 10 |
1000 м2 жогору | 5 | ||
Ар бир велосипеддин жүрүүсүнө | 1 даана | 400 | |
33 | Офистер, бизнес борборлору | 1 м2 | 100 |
44 | Сауналар, банялар, тазалоочу (химиялык), краскалоочу жайлар, автоунаа ондоочу, май куйуучу жайлар (АЗС) , күйүүчү-майлоочу майларды сактоочу жайлар | 1м2 | 100 |
55 | Көрнөк, жарнактар үчүн | 1 м2 | 350 |
66 | Административдик имараттар | 1 м2 | 100 |
77 | Кызматтык-техникалык аймактар | 1 м2 | 100 |
88 | Өнөржай ишканалары, коммерциялык илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт уюмдарынын мекемелери | 1 м2 | 100 |
99 | Айыл чарба, өнөр жай ишканалары | 1 м2 | 100 |
110 | Багбанчылык, жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн берилген жерлер | 1 м2 | 10 |
111 | Байланыш, теле-радио түйүндөрү үчүн (келишим баада) | 1 м2 | 300 |
112 | Айдоо аянттары | 1 м2 | 10 |