Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
2022 жылдын 16-ноябры №1
Сугат сууга болгон төлөмдөр жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жалал-Абад башкы суу башкармалыгынын 2022-жылдын 23-сентябрындагы №01-5-1/142 сандуу чыгыш каты менен таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз ХVII сессиясы токтом кылат:
1.Жалал-Абад башкы суу башкармалыгынын 2022-жылдын 23-сентябрындагы №01-5-1/142 сандуу катына ылайык Сакалды айыл аймагындагы сугат суу пайдалануучулардын насыяларды кайтаруу боюнча,ички чарбалык ирригация тармактарын калыбына келтирүү иштеринен 25%дык кайтарым көйгөйү тууралуу Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновдун маалыматы эске алынсын.
2. Сакалды айыл аймагынын “Таймөнгү” жана “Сакалды Суу” суу пайдалануучулардын ички чарбалык ирригация тармактарын калыбына келтирүү иштеринин 25%дык кайтарымы үчүн Сакалды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 400000(төрт жуз мин) сом акчалай каражат ажыратылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сакалды айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Тѳрага | А. Нишанбаев |
|
|