Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз он төртүнчү сессиясы
2022-жылдын 26-декабры №14/1
“Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизуу жөнүндө”
№ 4- мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде 2023-жылдын 1-январына карата мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги каралган маселе боюнча “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” № 4- мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде Кашка-Суу айыл аймагына 2023-жылдын 1-январына карата мүлк салыгын киргизүү жөнүндө Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн салыкчысы Н.Керимкулованын билдирүүсүн жана Кашка-Суу айылдык кецешинин бюджет, экономика, кредит жана соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 19-декабрындагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат;
1. 2023-жылдын 1-январынан тартып Кашка-Суу айыл аймагына мүлк салыгы киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин № 388 - беренесинин 1-пунктунун негизинде зоналык Кз 1,0 коэффициент болуп 2023-2024-2025-жылдар .учун бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышындагы жоопкерчилик Кашка-Суу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Айылдык кеңешинин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий “kashka-Suu . jalal-abad . kq” сайтына жарыялансын.
5. Расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизуу жана каттоо учун Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айылдык кеңешинин бюджет, экономика, кредит жана соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.М.Калетовго тапшырылсын.
Төрага А. Кулетов