Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 9-декабры № 89/19-5
Республикалык бюджеттен шаардын жергиликтүү бюджетине келген 40 142,6 миң сом ѳлчѳмүндѳгү максаттуу трансферттерди “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасынын калкты жылуулук менен камсыздоо үчүн кетирген чыгымдарын компенсациялоо максатына багыттоого макулдук берүү жѳнүндѳ
Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 05-декабрындагы №1-22/2555 катынын негизинде жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 07-декабрындагы отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу, “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасына, калкты жылуулук менен камсыздоодон улам тарткан чыгымдарын компенсациялоо үчүн, “Каржылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” 2511 беренеси боюнча республикалык бюджеттен жергиликтүү шаардын бюджетине келген 40 142,6 миң сом ѳлчѳмүндѳгү максаттуу трансферттерди багыттоого макулдук берилсин.
2.“Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин аткаруучусу (И.А.Чонмурунов) тарабынан бөлүнгөн каражаттар так багыты боюнча колдонулсун.
3.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |