Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 9-декабры № 90/19-5
Токмок шаарынын аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 06-декабрындагы №1-22/2585 каты жана Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 07-декабрындагы экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын бардык аймагында 2023-жылдын 1-январынан баштап мүлк салыгы киргизилсин.
2 .Мамлекеттик салык кызматынын Чүй облусунун Токмок шаары боюнча башкармалыгы (Кадыркулов Р.Б.) мүлк салыгын чогултууда (салыкты эсептөөдө жана төлөөдө) Кыргыз Республикасынын салык Мыйзамдарын так жетекчиликке алсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |