Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 9-декабры № 94/19-5
Токмок шаарынын Балкашин көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 02-декабрындагы №1-22/2521 катын карап чыгып, ушул райондун жашоочуларынын кайрылуусунун жана Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022–жылдын 07-декбарындагы отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаарынын Балкашин көчөсʏнʏн аты Данияр Казакбаев атындагы көчө болуп өзгөртʏлсʏн.
2.Көчөнүн атын өзгөртүүгө байланышкан бардык чыгымдарды (көчөнүн аталышы жазылган көрнөктөрдү даярдоо, орнотуу ж.б.) Токмок шаарынын мэриясына (У.О.Самаев) жүктөлсүн.
3.“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Чүй-Токмок филиалы (Н.Ч.Байгазакова), Токмок шаардык курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгы (Б.Т.Мамытбеков) жерди каттоо жана шаар куруу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4.Бул токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |