Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 9-декабры № 95/19-5
“Токмок шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө
«Токмок шаарынын Ардактуу жараны» наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча комиссиясынын чечимин карап жана талкуулап чыгып, «Токмок шаарынын Ардактуу жараны жөнүндө» Жобону, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Токмок шаарын Ардактуу жараны” наамы төмөнкү жарандарга ыйгарылсын:
-Машалаева Роза Шывасовнага,
-Мальсагов Ибрагим Алиевичке,
-Сутенова Анаркуль Кояйовнага,
-Исаков Рахимжан Амановичке,
-Джаныбеков Женишбек Эмильбековичке,
-Туманова Бурул Шамшиевнага;
-Оморканов Анвар Насыбековичке.
2.Токмок шаарынын мэри (У.О. Самаев) тарабынан:
-Токмок шаарынын Ардактуу жарандарына күбөлүк, төш белги жана бир жолу 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлык даярдалсын.
-Токмок шаарынын Ардактуу жарандарынын ысымдары Токмок шаарынын Даңк китебине жазылсын жана «Токмок шаарынын Ардактуу жарандары» шаардык тактасына фотосүрөтү жайгаштырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |