Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 9-декабры № 96/19-5
“Токмок Тазалык” муниципалдык ишканасынын катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча жаңы тарифин бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 02-декабрындагы №1-22/2525 кайрылуусун карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022–жылдын 07-декбарындагы отурумунун протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Токмок Тазалык” муниципалдык ишканасынын жаңы тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бул токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3.Токмок шаардык кеңешинин 2021-жылдын 24-февралындагы №309/40-4 токтому өз күчүн жоготту деп таанылсын.
4.Бул токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |