Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 9-декабры № 98/19-5
Токмок шаардык кеӊешинин 2022-жылдын 28-январындагы №30/9-5 “Токмок шаарынын бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын кайрылууларын карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 7-декабрындагы отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бюджеттик ассигнованиелерди жылдыруу 1-тиркемеге ылайык макулдук берилсин.
2.Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу, жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүнүн көбөйүү каражатынын эсебинен, “Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” 2215 беренеси боюнча Токмок шаарынын “Токмок Тазалык” муниципалдык ишканасына 12 даана GPS (күйүүчү май деңгээлинин зымсыз датчиги) алуу жана орнотуу үчүн 192,0 (жүз токсон эки миң) миӊ сом суммасындагы акча каражатын бѳлүп берүүгѳ макулдук берилсин.
3.2022-жылдын 28-январындагы №30/9-5 «Токмок шаарынын 2022-жылга карата бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» токтомунун 1-тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
-“Салык кармоочу агент тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы” 11111100 беренеси боюнча “150 085,0” цифрасы “153 085,0” цифрасына алмаштырылсын;
-“Чакан ишкердик субъектилери үчүн бирдиктүү салык” 11121100 беренеси боюнча “3905,0” цифрасы “10905,0” цифрасына алмаштырылсын.
4.Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башчысы (Эсеналиев М.Т.) тиешелүү өзгөртүүлөрдү ушул токтомдун пунктарына ылайык жүргүзсүн.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |