Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 9-декабры № 97/19-5
“Токмок шаарынын канализациясын жана суу менен камсыз кылуу тутумун реабилитациялоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы мѳѳнѳтү ѳтүп кеткен пайыздык карызды жабууга акча каражаттарын бѳлүп берүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ
Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 5-декабрындагы №1-22/2557 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 7-декабрындагы отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78,115-беренелерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ишке ашырылып жаткан “Токмок шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация тутумун калыбына келтирүү” долбоорунун пайыздык үстѳгү боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы мѳѳнѳтүнѳн ѳтүп бара жаткан карыздарды жоюу үчүн 8 541,4 (сегиз миллион беш жүз кырк бир миң төрт жүз) сом суммасындагы акча каражаттарын жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүнүн көбөйүү каражатынын эсебинен, “Каржылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” 2511 беренеси боюнча, “Токмок Водоканал” муниципалдык ишканасы аркылуу бѳлүп берүүгѳ макулдук берилсин.
2.“Токмок Водоканал” муниципалдык ишканасы 8 541,4 миң сом суммасындагы бөлүнгөн каражатты Токмок шаарынынын жергиликтүү бюджетине каржылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар берилген төлөм графигине ылайык кайтарсын.
3.Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын башчысы (Эсеналиев М.Т.) тарабынан ушул токтомдун 1 пунктуна ылайык тиешелүү ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин жана чыгымдоо жүргүзүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |