Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
Токтом
2023-жылдын 20-январы № 20
Пристань-Маслозавод конушуна айыл макамын берүү жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык Кенештин мыйзамдуулук, тартибин сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнө ылайык Пристань-Маслозавод конушуна айыл макамын берүү жөнүндөгү кайрылууларын канааттандыруу максатында айылдык Кенешке чейинки даярдалган баштапкы иш кагаздарын карап чыгып Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтомунун негизинде, айыл статусун алуу боюнча даярдалган тийиштүү болгон баштапкы иш кагаздарды карап чыгып айылдык Кенештин бекитуүсүнө маселе коюлуп,талкууланып Сары-Булак айылдык Кенешини ХХVIII чакырылышынын кезексиз сессиясынын күн тартибине 1 маселеси тууралуу маалыматы угулуп жана талкууланып,Сары-Булак айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Пристань-Маслозавод конушуна “Келечек” айыл макамын берүү жөнүндөгү конуштун жашоочуларынын кайрылуулары канааттандырылсын.
2.Айыл макамын алуу боюнча мыйзамдуу иш кагаздарын даярдап тийиштүү болгон жогорку органдарга кыска мөөнөттө жеткирүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Бул Токтомду КРнын ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы кенештин жоопту катчысына жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин мыйзамдуулук, укук иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.С.Асанов |