Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезексиз ( VII чакырылыш ХXI сессиясы)
2022-жылдын 8-декабры № 21/1
Көтөрмө айыл аймагынын айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоцациясынын иш жүргүзүү аймагын аныктоо жана айылдык кеңешинде каттоого алуу тууралуу
Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоцациясынын мүчөлөрүнүн жыйынында Көтөрмө айыл аймагындагы айылдардагы коомчулуктардын ассоцациясынын уставы ассоцациянын конференциясында бекитилгендигин негизинде жана конференция катышуучуларынын ассоциацияны каттоого алуу сунуш протоколун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” № 101-мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагынын айылдардагыкоомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын Уставына ылайык иш жүргүзү\ аймагы Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагынын чек ара аймагы болуп аныкталсын.
2. Кадамжай районунун Көтөрмө айылдык кеңешинде айылдардагы коомчулуктарды инвестициялык ассоциациясынын бектилген уставына жана конференциянын сунуш протоколуна ылайык Көтөрмө айыл аймагынын айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы каттоого алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын аткаруу комитетине ассоциациясынын уставында жана ар тараптуу кызматташуу келишимдеринде көрсөтүлгөн кызматташууну ишке ашырууда көмөк көрсөтүү жагы Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Көтөрмө айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Бактыбаев |