Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезексиз ( VII чакырылыш ХXI сессиясы)
2022-жылдын 8-декабры № 21/6
Айыл аймагындагы дүкөндөрдө перотехникалык жарылгыч заттарды сатууга тыюу салуу жана жаңы жылдык салтанаттарды коопсуз өткөрүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кенешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Көтөрмө айыл аймагындагы дүкөндөрдө перотехникалык жарылгыч заттарды сатууга тыюу салынсын.
2. Айыл аймагындагы мекемелерде, балдар бакчаларында, мектептерде жаңы жылга карата уюштурулган салтанаттарды коопсуз өткөрүүнү камсыздоо Көтөрмө айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине, айыл башчыларына, аймактык тескөөчүлөр
У. Халмурзаевге жана Нурланбек уулу Бектурга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин этика жана мыйзамдуулук, адам укуктарын коргоо жана социалдык өнүгүү, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана жаштар маселелри боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Көтөрмө айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Бактыбаев |