Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XVIII сессиясы (VI чакырылышы)
2022-жылдын 2-декабры № 2
Раззаков шаарынын мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндө
Раззаков шаарынын мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарынын мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын кыш мезгилине карата даярдыгы жетишээрлик дегээлде аткарылгандыгы белгиленсин. (Маалымат тиркелет)
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Б.Т. Сапаев
Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги
XVIII сессиясынын 2022-жылдын
02-декабрындагы №2 токтомуна тиркеме
Билим берүү, маданият, малекеттик тил, каада салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясы билим берүү тармагын кышка карата даярдыгын карап чыгуу жөнүндө
МААЛЫМАТЫ
Билим берүү, маданият, малекеттик тил, каада салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясы 2022-жылдын 26-27-октябрь күндөрү Раззаков шаарынын мэриясына караштуу билим берүү мекемелеринин кышка карата даярдыгы 8 категория боюнча: 1. Жылуулук системасынын абалы; 2. Көмүр канча керектелет, канча түштү; 3. Көмүр сактоочу жайлардын абалы; 4. Жалпы имараттын абалы; 5. Терезелери жылууланганбы; 6. Ашканаларынын абалы; 7. Менчик иш жүргүзгөн ашканаларынын баалары; 8. Кемчиликтери; боюнча каралып чыгып, төмөнкүлөр аныкталды:
Д. Жороев атындагы жалпы негизги орто мектеби.
Мектепте азыркы күндө 100 окуучу окуйт. Ыңгайлаштырылган мектеп. Жылуулук системасынын абалы- ар бир класста буржуйка печка коюлган. Мектепке көмүр түшө элек. Былтыркы көмүрдөн 1-кап көмүр турат. 6 печкага 1 эле күнгө жетет. Терезелери кышка карата жылууланган. Ашканасы, көмүр сактоочу жайы жок. Жаңы, типтүү мектептин курулушуна муктаж.
Т. Жапаров атындагы орто мектеби.
460 окуучу окуйт. Типтүү мектеп. Мектепке жылуулук берилген эмес. 70 тонна көмүр түшкөн, 80 тонна керектелет. Көмүр сактоочу жайынын абалы жакшы. Жалпы имараттын абалы талапка жооп берет. Терезелери жакшы. Ашканасынын абалы жакшы. Менчик иш жүргүзгөн ашканалары жок.
Беш-Бала башталгыч мектеби.
Мектепте 70 окуучу окуйт. Ашар жолу менен курулган мектеп. Жылуулук берилген эмес. Көмүр түшө элек. Көмүр сактоочу жайы жакшы. Жалпы имараттын абалы орто. Терезелери жылууланган эмес. Ашканасы жок. Балдарага ысык тамак берилбей келет. Менчик иш жүргүзгөн ашканалар жок.
Самат атындагы орто мектеби.
207 окуучу окуйт. Типтүү мектеп. Мектепке жылуулук берилген эмес. Жылытуу системасы ток менен берилет. Генератор бар, бирок туташтырылган эмес. Генераторду орнотуучу жери жок. Мектептин имаратынын абалы жакшы. Терезелери жакшы. Ашканасы жакшы. Менчик иш жүргүзгөн ашкана жок.
Казыев атындагы орто мектеби.
Типтүү мектеп. 375-окуучу окуйт. Жылуулук системасынын абалы жакшы. 80 тонна көмүр керектелет. Азыркы учурда көмүр түшкөн эмес. Калдык көмүрү дагы жок. Генератору бар. Көмүр сактоочу жайынын абалы жакшы. Жалпы имараттын абалы жакшы. Терезелери Аква. Ашканаларынын абалы жакшы. Менчик иш жүргүзгөн ашканасы бар.
“Ак-Булак” орто мектеби.
117-окуучу окуйт. Ыңгайлаштырылган мектеп. 30 тонна көмүр керектелет. 12 тонна 700кг бр көмүр түшкөн. Жылуулук системасы- буржуйка печка, печкаларга жаңы труба коюуу керек. Терезелери жыгач, жылууланган эмес. Көмүр сактоочу жайы жакшы. Жалпы имаратынын абалы ыңгайлаштырылган. Ашканасы жакшы. Менчик иш жүргүзгөн ашканасы жок.
Тайлан орто мектеби.
165 окуучу окуйт. Типтүү, ыңгайлаштырылган мектеп. Бир жылга 60 тонна БР, 30 тонна БК көмүр керектелет. 23тонна 100кг БР көмүр түшкөн, күлү көп. Жылуулук системасынын абалы жакшы. Көмүр сактоочу жайынын абалы талапка жооп бербейт. Терезелери кышка карата жылууланган эмес. Ашканасынын абалы жакшы. Менчик иш жүргүзгөн ашканасы жок
Исфана орто мектеби.
1511 окуучу окуйт. Типтүү мектеп. Жылуулук системасынын абалы жакшы, жаңы бүткөрүлгөн. Бир жылга 200 тонна көмүр керектелет. 160 тонна 400кг көмүр түшкөн. Көмүр сактоочу жайынын абалы жакшы. Жалпы имараттын абалы жакшы. Терезелери жылууланган эмес. Ашканасынын абалы жакшы. Менчик иш жүргүзгөн ашканасы жок.
№1 Гимназия мектеби.
240-окуучуга ыңгайлаштырылган. Жылуулук системасынын абалы жакшы. Жылытуучу мэши жаңы коюлган. Мектепке 40 тонна көмүр керектелет. 40 тонна көмүр толук түшкөн Бр. Көмүр сактоочу жайы жок. Жалпы имараттын абалы жакшы. Бирок тар. Терезелери кышка карата жылууланган эмес. Ашканасынын абалы жакшы. Менчик иш жүргүзгөн буфети бар. Районодон керектүү нерселер убагында келбей жатат.
Ю.А.Гагарин атындагы орто мектеби.
Мектепте 1398 окуучу окуйт. Типтүү мектеп. Жылуулук системасынын абалы жакшы. 130 тонна көмүр керектелет. 77 тонна көмүр түшкөн. Көмүр сактоочу жайынын абалы жакшы. Терезелери талапка жооп берет. Жалпы имараттын абалы жакшы. Ашканада 643 бала тамактанат. Ашканасынын абалы талапка жооп бербейт. Менчик иш жүргүзгөн ашканалары жок. Быйылга кателго 2 даана калёсник керек , 80,32 размердеги вентиль керек керек.
№4 Гимназия мектеби.
Мектеп 170-окуучуга ыңгайлаштырылган. Быйылга 80 тонна көмүр керектелет (50 тоонна БК, 30 тонна БР). 43 тонна көмүр түшкөн. Көмүр сактоочу жайы жок. Жалпы имаратынын абалы жакшы. Терезелери талапка жооп берет. Ашканасынгын абалы талапка жооп бербейт. Менчик иш жүргүзгөн ашканасы бар. Мектепте көмүркана куруу боюнча жана жол боюнча көйгөйү бар.
А.Навои атындагы орто мектеби.
Мектепте 1968 окуучу окуйт. Жылуулук системасынын абалы жакшы. 180 тонна көмүр керектелет. 147,6 тонна көмүр түшкөн. Көмүр сактоочу жайынын абалы жакшы. Терезелери талапка жооп берет. Жалпы имараттын абалы жакшы. Ашканасынын абалы жакшы. Ашканада 900 бала тамактанат. Менчик иш жүргүзгөн ашканасы бар. Келишимдин негизинде иштейт.
Көйгөйү: Инвентар өтө зарыл. Колдо жасалган инвентарлардан даттануулар көп.
Токтогул орто мектеби.
Мектепте 340 окуучу окуйт. Жылуулук системасынын абалы жакшы. Генератор бар. 6 тонна бар көмүр тушкөн. 2 буржуйка печка бар.
Көмүр сактоочу жайдын абалы жакшы. Жалпы имаратынын абалы жакшы. Терезелери талапка жооп берет. Ашканасынын абалы жакшы . Менчик иш жүргүзгөн ашканасы бар.
Мектептин жолуна жарыктандыруу керек.
Ыссык-Көл орто мектеби
240 оккучу окуйт. Жылуулук системасынын абалы жакшы. 60 тонна көмүр керектелет. 34 тонна 600 кг көмүр түшкөн. Көмүр сактоочу жайынын абалы жакшы. Жалпы имаратынын абалы жакшы. Терезелери талапка жооп берет. Ашканасынын абалы жакшы. Менчик иш жүргүзгөн ашканасы жок.
Көйгөйү: Мектептин тосмосунун ичинде жайгашкан Мегаком компаниясынын антенасын арендасын мектепке өткөрүү боюнча. Жарыктандыруу начар.
Амир-Темир орто мектеби
Мектепте 268 окуучу окуйт. Жылуулук системасынын абалы жакшы. Быйылкы жылга 55 тонна көмүр керектелет. Учурда 38тонна 79кг көмүр түшкөн. Көмүр сактоочу жайынын абалы жакшы. Жалпы имараттын абалы жакшы. Терезелери талапка жооп берет. Ашканасынын абалы жакшы. Менчик иш жүргүзгөн ашканасы жок.
Көйгөйү: Компьютер жетишсиз. Буржуйка 9 даана.
Бала бакчалар боюнча:
“Келечек” балдар бакчасы
109 бала тарбияланат. Жылуулук системасынын абалы жакшы. Быйылга 36 тонна көмүр керектелет. Түшкөнү 14 тонна БР. Көмүр сактоочу жайдын абалы жакшы. Жалпы имаратынын абалы жакшы. Терезелери жылууланган. Ашканасынын абалы жакшы.
Көйгөйү: Генраторго кеткен бензиндин акчасын берсе. Шаар боюнча сэптик тазалоочу машина жок. Фонддун эсебинен тазалатабыз.
“Агартуу” балдар бакчасы
40 бала тарбияланат. Жылуулук системасынын абалы жакшы. 17 тонна көмүр керектелет. 5 тонна 300кг көмүр түшкөн. Көмүр сактоочу жайынын абалы жакшы. Жалпы имаратынын абалы жакшы. Терезелери талпка жооп берет. Ашканасынын абалы жакшы.
Лейлек “Алтын-Таажы” балдар бакчасы
71-бала тарбияланат. Жылуулук системасынын абалы жакшы. 19 тонна көмүр керектелет. 11 тонна 600кг БР көмүр түшкөн. Көмүр сактоочу жайдын абалы талапка жооп бербейт. Жалпы имараттын абалы жакшы, (жатаканаларды өздөрү оңдогон). Терезелери жылууланган. Ашканасынын абалы жакшы. Көйгөйү: Кароолхана жок, Музыкальный зал жок. Трансформаторду Сүлүктү РЕС ине өткөрүү.
“Жеткинчек” балдар бакчасы
60-балага ыңгайлаштырылган. Жылуулук системасынын абалы жакшы. 12 тонна көмүр керектелет. 4 тонна көмүр түшкөн. Көмүр сактоочу жайдын абалы жакшы. Имараты эски. Терезелери жылууланган. Ашканасы тар, печкасы жараксыз.
Көйгөйү: Туалети начар-жараксыз.Имараттын артынан суу түшөт, таноолору жок.
“Ак-Шоола” балдар бакчасы
60-балага ыңгайлаштырылган. Жылуулук системасы-буржуйка печка. Бүгүнкү күндө көмүр түшкөн эмес. Көмүр сактоочу жайы жок. Имарат ашар жолу менен салынган. Терезелери салафан менен тосулган эмес. Ашканасы тар. Электдик печкалары иштебейт.
Көйгөйү : Типтүү бала бакча куруу керек.
“Наристе” балдар бакчасы
270-бала тарбияланат. Типтүү бакча. Жылуулук системасынын абалы жакшы.
11-тонна 240 кг көмүр түшкөн. Көмүр сактоочу жайдын абалы талапка жооп бербейт.
Имараттын абалы жакшы. Терезелери талапка жооп берет. Ашкана сынын печкасы иштебейт.
Көйгөйү: Вентиляция жакшы иштебейт, Жылытуучу мэшине ремонт керек. Таноо 8-метр керек.
“Барчын” балдар бакчасы
252 бала тарбияланат. Жылуулук системасы электр энергия менен иштейт. 14 тонна көмүр керектелет. Көмүр сактоочу жайдын абалы жакшы. Жалпы имараттын абалы жакшы. Терезелери жылууланган. Ашканасынын абалы жакшы.
“Керемет Голбо” балдар бакчасы
84-бала тарбияланат. Жылуулук системасынын абалы жакшы. 11-тонна көмүр түшкөн БР.
Көмүр сактоочу жайдын абалы жакшы. Жалпы имараттын абалы жакшы. Терезелери талапка жооп берет. Ашкананын абалы жакшы.
“Арча-Бешик” балдар бакчасы
121-бала тарбияланат. Типтүү бакча. Жылуулук системасынын абалы жакшы. Жылуулук жакшы, Электрический отопление . 20 тонна көмүр керектелет канчасы түштү: 5-тонна 300 түштү БР Көмүр сактоочу жайдын абалы жакшы. Жалпы имараттын абалы жакшы. Терезелери Талапка жооп берет. Ашкананын абалы: Вытяжка жок
Көйгөйү: Туалет, Ысык-Суук суу, Печка, Паровой тартпайт, Канализация
“Жасмин” балдар бакчасы
Бакчада 170 бала тарбияланат. Жылуулук системасынын абалы жакшы. 13 тонна көмүр керектелет. 7 тонна көмүр түшкөн. Көмүр сактоочу жайдын абалы жакшы. Жалпы имараттын абалы жакшы. Терезелери Талапка жооп берет. Ашканасынын абалы жакшы.
Көйгөйү: Терек бар токко тийип калган, калың кар жааган убакта замыкание берет. Ошол теректи мэрия тараптан жыгытып берсе.
Билим берүү, маданият, малекеттик тил,
каада салт, саламаттыкты сактоо, социалдык
өнүктүрүү жана экология иштери боюнча
туруктуу комиссиясынын төрайымы О. Сатарова