Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XVIII сессиясы (VI чакырылышы)
2022-жылдын 2-декабры № 6
Лейлек РИИБнин кызматкерлерине кызматтык батир куруу үчүн жана пробация департаментине имарат куруу үчүн жер тилкелерин ажыратып берүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Раззаков шаар мэриясынын Лейлек РИИБнин кызматкерлерине кызматтык батир куруу үчүн жана пробация департаментине имарат куруу үчүн жер тилкелерин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарынын Бозогүл участкасынан 0,30 га жер тилкесин Лейлек РИИБнин кызматкерлерине кызматтык батир куруу үчүн жана Раззаков шаарына караштуу А.Азизов көчөсүнөн муниципалдык жерден 400,0 чарчы метр жер тилкесин мөөнөтсүз муниципалдык жер катары сактоо менен пробация департаментине имарат куруу үчүн ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына жана тиешелүү укуктук-ченемдик актыларына ылайык жүргүзүү жагы Раззаков шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана жер иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага Б.Т. Сапаев