Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XVIII сессиясы (VI чакырылышы)
2022-жылдын 2-декабры № 7
Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарына караштуу Бозогүл участкасындагы Айыл чарба фондунун айдоожерлеринен №96-контурунан 5.6 га, №97-контурунан 10.4 га, №98-контурунан 6.4 га, №99-контурунан 1.1 га, №100-контурунан 3.2 га, №102-контурунан 3.6 га, №103контурунан 4.1 га, №104-контурунан 0.9 га, №105-контурунан 4.0 га, №88-контурунан 16.3 га, №112-контурунан5.4 га, №96-контурунан 15 га, №101-контурунан 0.4 га, №105-контурунан 20 га. Ал эми Раззаков шаарына караштуу Ак-Булак айылынан №869-контурунан 3.3 га, №880-контурунан 4.7 га, №837-контурунан 10.3 га, №820-контурунан 4.5 га.Тайлан айылынан №315-контурунан 4.7 га, №322-контурунан 7 га. Голбо айылынан №913-контурунан 18 га, №1046 контурунан 32.7 га. Кара-Таш айылынан №413-508-контурларынан 2 га. Беш-Бала айылынан №290-контурунан 6.9 га, №289-контурунан 3.1 га, №454-контурунан 2 га, Мурза-Патча айылынан №73-контурунан 3.6 га, Раззаков шаарынын Могол-Тажикен участкасынан №726 контурунан 17.9 га, №725-контурунан 3.3 га, Каптархана участкасынын №897 контурунан 0,20 га. жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга (транформациялоого) макулдук берилсин.
2. Жер тилкелерин мыйзамдаштырууда иш-кагаздарын жүргүзүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү нормативдик-укуктук актыларына ылайыкташтыруу жагы Раззаков шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Б.Т. Сапаев