Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы
2022-жылдын 1 ноябры №53
Айыл ѳкмѳтүнүн штаттык бирдигиндеги эмгек акыга ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ
Кууганды айыл ѳкмѳтүнүн 2022-жылдын 1-ноябрындагы №01-10-1019 сандуу каты, аппарат кызматкерлерине чен берилгендигине жана бала багуу боюнча эмгек акысы сакталбаган ѳргүүдѳн ишке чыккан кызматкерге эмгек стажы боюнча эсептѳѳ жүргѳндүгүнѳ байланыштуу штаттык бирдигине ѳзгѳртүү киргизүү максатында Кууганды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кууганды айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Р.К.Муратовага, 2022-жылдын 1-сентябрындагы №10 айыл ѳкмѳтүнүн буйругу менен кезектеги кийинки чен, “Муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси” ыйгарылгандыгына байланыштуу штаттык бирдиктеги эмгек акысына 100 (жүз) сом ѳзгѳртүү киргизилсин.
2. Кууганды айыл ѳкмѳтүнүн экономика жана статистика боюнча жетектѳѳчү адиси А.Качкынбай кызына, 2022-жылдын 1-сентябрындагы №10 айыл ѳкмѳтүнүн буйругу менен алгачкы класстык чен, “Муниципалдык кызматтын кенже инспектору” ыйгарылгандыгына байланыштуу штаттык бирдиктеги эмгек акысына 600 (алты жүз) сом ѳзгѳртүү киргизилсин.
3. Кууганды айыл ѳкмѳтүнүн маалыматтык компьютердик технологиялар боюнча адиси К.А.Ашымова бала багуу боюнча эмгек акысы сакталбаган эмгек ѳргүүдѳн 2022-жылдын 29-августундагы №9 айыл ѳкмѳтүнүн буйругу ишке чыккандыгына байланыштуу штаттык бирдиктеги эмгек акысына 1478 (бир миң тѳрт жүз жетимиш сегиз) сом ѳзгѳртүү киргизилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳт башчысы Б.С.Молдокуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Ф. К. Токушев |
|