Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы
2022-жылдын 1 ноябры №54
К.Каимов атындагы орто мектебине 3 тараптуу келишим боюнча электрондук китепкана уюштуруу жана мектептин тегерегин тосуу жѳнүндѳ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Келечек үчүн билим берүү” долбоору боюнча 3 тараптуу келишимге ылайык, К.Каимов атындагы орто мектебинин директору С.Суюнтбековдун кайрылуусунун негизинде, К.Каимов атындагы орто мектебине электрондук китепкананы ачуу үчүн керектүү шарттарды түзүү максатында, тиешелүү жабдуулар менен камсыздоого айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен 47 760 (кырк жети миң жети жүз алтымыш) сом акча каражаты бѳлүнсүн.
2. К.Каимов атындагы орто мектебинин тегерегин тосууга айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты бѳлүнсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳт башчысы Б.С.Молдокуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Ф. К. Токушев |
|