Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы
2022-жылдын 1 ноябры №55
Аз камсыз, ДМЧ, жалгыз бой жардамга муктаж жарандарга жардам кѳрсѳтүү жѳнүндѳ
Кууганды айыл ѳкмѳтүнүн 2022-жылдын 31-октябрындагы №01-10-1018, айылдын аз камсыз, кѳп балалуу жардамга муктаж, жалгыз бой кары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлѳлѳрүнѳ күз-кыш мезгилине кѳмүр отуну менен камсыздоого жардам кѳрсѳтүү боюнча кайрылуу катынын негизинде Кууганды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдын аз камсыз, кѳп балалуу жардамга муктаж, жалгыз бой кары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлѳлѳрүнѳ күз-кыш мезгилине кѳмүр отуну менен камсыздоого айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты бѳлүнсүн.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳт башчысы Б.С.Молдокуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Ф. К. Токушев |
|