Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX чакырылыштагы
2020-жылдын 14-февралы № 87
Жеке турак жай курууга жерлерди “Калктуу пункттардын жерлери” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жер, турак жай маселелери боюнча адисинин маалыматын угуп чыгып, Александровка айылдык кеңешинин 2019-жылдын 15-апрелиндеги №61 токтому менен бекитилген Александровка айыл аймагында жеке турак жай курууга жер тилкелерин берүү жөнүндө программасынын жана шаар куруу документтеринин негизинде.
Үй-бүлөөлөрдүн көбөйгөндүгүнө жана “Айыл чарба багытындагы” категориясынын мамлекеттик менчиктеги жайыттар жер тилкелерин жеке турак жай курууга “Калктуу конуштар жерлери” категориясына Александровка айылы боюнча жалпы аянты 22,8 га жер тилкелерин которуу зарылдыгына байланыштуу Александровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Александровка айылы боюнча Александровка айылынын түндүк тарабынын чоң Чүй каналынын өйдө жагында жайгашкан №621, 620, 619, 647, 841,828,529,536 контурларындагы жалпы аянты 22,8 га жер тилкелерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы мамлекеттик менчиктеги жайыттар жерлеринен “Калктуу конуштар жерлери” категориясына жеке турак жай курууга макулдук берилсин.
2. Александровка айыл өкмөтү тийиштүү документтерин дайындасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин айыл чарба, жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Мувазага жүктөлсүн.
Төрага |
С. К. Койчуманов |