Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX чакырылыштагы
2022-жылдын 18-октябры № 44
Александровка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 12-августундагы “Александровка айыл аймагындагы жер тилкелерин которуу жөнүндө” №29 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын 2022-жылдын 26-октябрындагы №02-10/2731 катынын негизинде Александровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Александровка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 12-августундагы “Александровка айыл аймагындагы жер тилкелерин которуу жөнүндө” №29 токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
Токтомдун бүткүл тексти боюнча “жайыттар” деген сөздүн алдында “мамлекеттик менчиктеги” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевге жана айылдык кеңештин айыл чарба, жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ясыровко жүктөлсүн.
Төрайым |
М.Давузова |