Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX чакырылыштагы
2022-жылдын 17-октябры № 41
Спортзал курууга Александровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине түбөлүк колдонууга жер тилкесин берүү жөнүндө
Александровка айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, жарандык коргоо жага өзгөчө кырдаал боюнча башкы адиси Д.Ю.Хиязовдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесинин 3-пунктунун негизинде, Александровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигин башкаруу жана колдонууну оптималдаштыруу максатында Александровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беш-Көрүк айылындагы Беш-Көрүк көчөсү номери жок дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 2000,0 кв.метрди түзгөн жер тилкеси спортзал курууга Александровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине берилсин.
2. Александровка айыл өкмөтү берилген жерге Москва райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесинде муниципалдык укугун каттоодон өткөрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жүктөлсүн.
Александровка айылдык кеңешинин төрайымы |
М.Давузова |