КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 23-апрели № 176 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" КыргызРеспубликасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри ушул мыйзам долбоорунКыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министр И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-статья. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ве-домосттору, 1998-ж., N 2, 20-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 8-статьяда: - үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин төрагасы;"; - төртүнчү абзац алып салынсын. 2. 25-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "Жогорку Кењешинин палаталары-на" деген сөздөр "Жогорку Кењешине" деген сөздөргө алмаштырылсын. 2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти