Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX чакырылыштагы
2022-жылдын 17-октябры № 40
Александровка айыл аймагындагы жер участкаларынын максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Александровка айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, жарандык коргоо жана өзгөчө кырдаал боюнча башкы адиси Д.Ю.Хиязовдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесине жана 13-беренесине ылайык, Александровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигин башкаруу жана колдонууну оптималдаштыруу максатында Александровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Александровка айыл өкмөтүнө төмөнкү Александровка айыл аймагынын жеке менчигиндеги жер участкаларынын максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин:
Александровка айылындагы Фрунзе көчөсү №97 дарегинде жайгашкан жеке менчиктеги, аянты 3079,6 кв.метрди түзгөн жер участогу короо жай багытынан коомдук соода имараттары багытына.
Александровка айылынын Буденного көчөсүнүн №5 дарегинде жайгашкан жеке менчиктеги, аянты 81,7 кв.метрди түзгөн жер участогу короо жай багытынан өнөр жай имараттары багытына.
2. Александровка айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участокторунун багытын өзгөртүү боюнча керектүү иш кагаздарын дайындасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жүктөлсүн.
Александровка айылдык кеңешинин төрайымы |
М.Давузова |