Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX чакырылыштагы
2022-жылдын 30-сентябры № 36
Жергиликтүү курултайды чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгынын, Элдик курултай жөнүндө убактылуу Жобонун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы №152 Жарлыгы менен бекитилген жергиликтүү коомдун өкүлдөрүнүн курултайы жөнүндө Жобонун, Биринчи Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы №2чечими менен бекитилген биринчи Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Инструкциясынын негизинде
Александровка айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун “Биринчи Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” 2022-жылдын 15-августундагы №284 Жарлыгы аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча ар бир чогулушту өткөрүүгө жооптуу депутаттардын тизмеси 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү курултай биринчи Элдик курултайды өткөрүү боюнча календарлык планга ылайык 2022-жылдын 5-ноябрында саат 10-00дө Александровка айылынын маданият үйүндө өткөрүлсүн.
5. Биринчи Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча инстуркциясына ылайык 10001ден 20000 чейин калктын санына 100 делегат бекитилсин.
Жалпы калктын 18 жогору калктын санына (14655/100) 147 адамга 1 делегат сунушталат. Бардыгы, айылдар боюнча:
- Александровка айылы – 81 делегат; (эсеп: 11869/147)
- Крупское айылы – 11 делегат; (эсеп: 1662/147)
- Беш-Көрүк айылы – 8 делегат; (эсеп: 1124/147)
6. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды өткөрүү графиги 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.С.Невазага жүктөлсүн.
Александровка айылдык кеңешинин төрайымы |
М.Давузова |
2022-жылдын 30-сентябрындагы
Александровка айылдык кеңешинин
№36 токтомуна 1-тиркеме
Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү
боюнча жумушчу топтун курамы
Давузова М.Ю. – Александровка айылдык кеңешинин төрайымы, биринчи жумушчу топтун төрайымы Элдик курултайга Кыргыз Республикасынын шаарларынан жана айыл аймактарынан делегаттарды шайлоо боюнча жобого ылайык(мындан ары – жобо);
Байгазиева З.С. – айылдык кеңештин жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы жобого ылайык.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Джумабекова Р.С. – айылдык кеңештин депутаты (макулдашылган);
Исмаев К.Ш. – айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;
Капаева А.Т. – айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;
Мырзалиев Р.К. – Беш-Көрүк айылынын башчысы;
Уметбаев У.И. – Крупское айылынын башчысы;
Эликбек кызы Т. – социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис;
Сушанло К.М. – аксакалдар сотунун төрайымы;
Эминов Ш.И. – Крупское айылынын аксакалдар сотунун төрагасы;
Шейренов Д.А. – Беш-Көрүк айылынын төрагасы;
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы Байгазиева З.С.
2022-жылдын 30-сентябрындагы
Александровка айылдык кеңешинин
№36 токтомуна 2-тиркеме
Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу депутаттардын тизмеси
Александровка айылында чогулуш өткөрүү боюнча жооптуу депутаттар:
№ | Аты-жөнү | Телефон номери |
1) | №1 Шайлоо округу | Жооптуу - Исмаев Ахмет Арзиевич |
1 | Шарипов Ибрагим Шабанеевич |
|
2 | Исмаев Ахмет Арзиевич | 0558 319 119 |
3 | Булазова Гульнара Токтомкуловна |
|
4 | Керимкулова Эльмира Джумабековна |
|
2) | №2 шайлоо округу | Жооптуу - Ясыров Арсмане Сулейманович |
1 | Абдур Халима Арлиевна |
|
2 | Ясыров Арсмане Сулейманович | 0550 444 422 |
3 | Давузова Мариям Юнуровна |
|
4 | Неваза Карим Салихарович |
|
3) | №3 шайлоо округу | Жооптуу - Панпанза Абдукерим Паншерович |
1 | Шабаза Фатима |
|
2 | Муваза Сульмане |
|
3 | Хахаза Рашид |
|
4 | Панпанза Абдукерим Паншерович | 0551 699644 |
4) | №6 шайлоо округу | Жооптуу - Исхаков Хамиз Ибрагимович |
1 | Лебузова Мария Исхаровна |
|
2 | Сварова Ащьян Юсуровна |
|
3 | Исхаков Хамиз Ибрагимович | 0554 045 558 |
4 | Маслянов Мухамед |
|
5 | Панпанза Давур |
|
|
|
|
Крупское айылындагы чогулушка жооптуу депутаттар:
№ | Аты-жөнү | Телефон номери |
1 | Медетбеков Жээнкул Медетбекович | Жооптуу 0990 444040 |
2 | Веремеева Наталья Николаевна |
|
Беш-Корук айылындагы чогулушка жооптуу депутаттар:
№ | Ф.И.О. | Номер телефона |
1 | Асанов Тагай Таалайбекович |
|
2 | Джумабекова Райгул Совхозовна | Жооптуу 0704 254843 |
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы З.Байгазиева
2022-жылдын 30-сентябрындагы
Александровка айылдык кеңешинин
№36 токтомуна 3-тиркеме
Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо
боюнча чогулуштарды өткөрүү графиги
№ | Айылдын аталышы | Чогулушту өткөрө турган жер | Чогулушту өткөрүү датасы | Чогулушту өткөрүү убактысы |
1 | Крупское айылы | Октябрь орто мектеби | 2022-ж. 15-октябрь | саат 13-00 |
2 | Беш-Көрүк | Беш-Көрүк орто мектеби | 2022-ж. 16-октябрь | саат 13-00
|
3 | Александровка | Александровка айылынын маданият үйү | 2022-ж. 18-октябрь | саат 10-00 |
|
|
|
|
|
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы З.Байгазиева